Бекешев: Министрлер кабинети Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 млн сом бөлөт

Министрлер кабинети Баткен облусун калыбына келтирүүгө 210 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кабарлады.

Анын айтымында, облусту калыбына келтирүүгө каражат бөлүү маселеси бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында каралган.

210 млн сомдон тышкары минкаб, Бекешевдин айтымында, Баткен облусундагы маданий жайларды камсыздоого 57 млн сом каралган. Эл өкүлү мурда облустагы китепкана жана клубдар жергиликтүү бюджеттен каржыланып келгенин кошумчалады.

Эл өкүлү мамлекеттик бюджеттен Түндүк санарип системасын камсыздоо үчүн дагы 31,6 млн жана Түгөлбай Сыдыкбековдун 110-жылдык юбилейине 19,5 млн сом бөлүнөрүн кошумчалады. Юбилейге бөлүнүүчү каражат жазуучуга эстелик тургузуу жана 500 нускада 15-томдук чыгармасын басып чыгарууга жумшалат.

«Маданиятты колдоо керек деп эсептейм, бирок азыр бул чыгымдар орунсуз болуп турат. Бир нече айга жылдыра турсак деле болмок», — деп билдирди депутат.

Куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен.

18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 19-сентябрь күнү эртең менен мекеме абал чыңалуу бойдон калып жатканын маалымдаган, бирок ок атуулар тууралуу айтылган эмес.

20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлады.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 180ден ашык адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун билдиришинче, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

ӨКМдин маалыматы боюнча, куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен районунда 282 турак үй, 9 автоунаа, 9 социалдык объект, 300гө жакын чарба курулушу, жашоо тиричилик камсыздоо жана стратегиялык объект жабыркап жана өрттөлгөн.

Кыргыз бийлиги чек арадагы окуяны Тажикстан тараптын агрессиясы жана куралдуу кол салуусу деп атады.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.