Депутат Акаев: Тажикстан Кыргызстанга кылган агрессиясы үчүн Эл аралык сотто жооп бериши керек

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Тажикстандын бийлиги Кыргызстанга жасаган агрессиясы үчүн Эл аралык жазык сотунда жооп бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында айтты.

Акаев президент Садыр Жапаров дагы 20-сентябрда БУУнун трибунасында Тажикстан тараптан Кыргызстандын тынч жаткан элине агрессия болду деп айтканын эске салды. Эл өкүлү ушундай эле билдирүүнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да жасаганын белгиледи.

«Жыл сайын ондогон адамдарыбыз өлүп кетпеши үчүн, биз алар [Тажикстанды] экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кадамдарга барышыбыз керек. Гуманитардык жардам, кан тапшыруу жана башканын баары жакшы, бирок биз андан чоң [иштерди] жасашыбыз керек. Эл аралык кылмыш соту бар, аны Рим статуту деп коёт. Ага Тажикстан мүчө, ал эми Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин мүчө эмес. Ошол жерде так жазылып турат — эгер аскерий, агрессиялык кылмыш жасаса Эл аралык сотто жооп бериши керек деп», — деди эл өкүлү.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. 18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, тажик тарап «мурда жетишилген бардык макулдашууларга карабастан чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады» деп билдирген. Ал жогорудагы аракеттердин натыйжасында 140 миңге жакын кыргызстандык үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгонун да кошумчалаган.