«Кызмат абалынан кыянат пайдалануу». Туйгунаалы Абдраимов күнөөлүү деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы жана президенттин Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Бул тууралуу маалыматты «Клооптун» журналистине адвокат Самарбек Болотбеков тастыктады. Абдраимовго карата өкүмдү 21-сентябрда Бишкектин биринчи май райондук соту чыгарды.

Сот БШКнын мурдагы төрагасына 2 млн сом айып салууну дагы токтом кылды.

Тема боюнча окуңуз: БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 30-июнга чейин камакка алынды

«250 миллион сомдук активдер». УКМК Абдраимовго «тийиштүү» мүлктөрдү ачыктады

«Бизнес менен алектенип келем». Абдраимов УКМКнын айыптоолорун четке какты