БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 30-июнга чейин камакка алынды

Туйгунаалы Абраимов.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынганын билдирди. Ал 30-июнга чейин УКМКнын ТИЗОсуна болот.

Маалыматка ылайык, тергөөчүнүн Абдраимовду камакка алуу боюнча арызын райондук соттун судьясы канааттандырды.

Абдраимов атайын кызмат тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип 30-апрелде кармалган.

УКМК Абдраимов Боршайкомду жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 11,2 гектар таштанды жайды 95% акциясы өзүнө таандык «Кайнар» ишканасына «кайтарымсыз берүүгө мажбурлаганын» маалымдаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кайнар» компаниясы таштандыны утилизациялаган эмес, болгону таштанды таштоочу жай уюштурган. Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын жок кылуу боюнча санитардык нормаларды сактаган эмес. Ал эми Кант шаарынын мэриясы бул максатта «Кайнар ишканасына» 2015-жылдан бери ай сайын 250 миң сом төлөп келген.

Абдраимовдун уулу «Азаттыкка» УКМКнын кызматкерлерин атасын «аңгемелешүүгө» деп алып кетип, түнкү саат 12де 48 саатка камаганын айткан. Ал «чакыруу кагазы келбегенин жана жактоочу жалдаганга жетишпей калышканын» билдирген болчу.

«Мыйзамсыз баюу» жана «Бийликти күч менен басып алуу»

2021-жылдын 20-сентябрында Туйгунаалы Абдраимов «Мыйзамсыз баюу» иши боюнча УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак берген. Анын кеңсесинде жана үйүндө тинтүү жүргөнү айтылган.

15-сентябрда Абдраимов «Бийликти күч менен басып алуу» ишинин алкагында тергөө кызматына жеткирилип, сурак берип чыккан. Ошол эле күнү аны менен чогуу бир нече саясатчы да бул иш боюнча суралган.

Абдраимов өзү суракка алынуусу «негизсиз» болгонун айтып, «бул саясий куугунтук» деп билдирген.

Кийинчерээк Абдраимовдун жана башка саясатчылардын суракка алынышына маданий ишмерлер тарабынан жолдонгон кат себеп болгону ачыкталган.

Катта Абдраимов, ошондогу депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, депутат Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев баштаган жарандар 17-сентябрь күнү жүз миң киши менен митинг өткөрүп, бийликти алмаштырганы жатканы жазылган. Мындан улам аларга катуу чара көрүү талабы коюлган.

Бирок каттын авторлору делген маданий ишмерлер сурактын эртеси кайрылуунун биринчи бети өзгөртүлгөнүн, түп нускасында саясатчылардын аты аталбаганын айтышкан.

Кененирээк окуңуз: «Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?

Ал эми чоң митинг болот делген 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — анын ичинде Туйгунаалы Абдраимов — Ала-Тоо аянтында «саясий туткундарга» арналган көркөм-нааразычылык акциясын уюштурган. Ага жүздөй киши катышып, акцияда Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өткөн.