Марат Иманкулов: Садыр Жапаров Рахмон менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айткан

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Тажикстан Кыргызстан менен чек арасында куралдуу жаңжалды жөнгө салууга кызыктар эмес болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 20-сентябрда «Ала-Тоо 24» телеканалына курган маегинде айтты.

Иманкулов президент Садыр Жапаров 2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан кийин Тажикстанга барганын эске салды. Анда, жаңжалдан улам 36 кыргызстандык каза таап, 154 адам жабыркаган. Тажик бийлиги болсо өз тарабынан 19 адам каза таап, 87 киши жарадар болгонун билдирген.

Анын айтымында, ошол учурда мамлекет башчысы «эл сындап баштарын билип турса да» Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп келүүнү чечкен.«[Садыр Жапаров] келгенден кийин муну менен [Рахмон менен] сүйлөшүү мүмкүн эмес турбайбы деп келген. [Садыр Жапаров] абдан көңүлү калып келген. “Таптакыр түшүнбөгөн неме экен, чек ара маселесин чечейин деген ою жок окшойт” деп келген. Ошондон кийин эле сезгенбиз жаңжал кайра кайталанарын», — деди Коопсуздук кеңештин катчысы.2022-жылдын 20-сентябрында Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөн. Жапаров өз сөзүнүн көпчүлүк бөлүгүн 14-17-сентябрда Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжалга арнаган.

Ал тажик тарап «мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасаганын», бул жай тургундардын өлүмүнө алып келгенин белгилеген.

Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен «эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга» даяр экенин кошумчалаган.

«Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, ЕККУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз», — деп белгилеген Жапаров.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Жапаров «Кыргызстан башка бирөөнүн жерине көз артпай турганын, бирок өзүнүн жеринин бир сантиметрин да бербей турганын» эскерткен.

Куралдуу кагылышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. 18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.