Өзүн-өзү пиарлообу? Баткендиктерге жардамын коомго жар салган саясатчылар

Улуттук коопсуздук комитети 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам берүүдө жарандарды «өзүн-өзү жарнамалоодон» алыс болууга чакырды.

«Айрым жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, элге көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып жатышат. Ушуга байланыштуу бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн пиар кылуудан алыс болууну суранабыз», — деп билдиришти комитеттен.

Ошол эле учурда УКМКдан кайсы жарандар жөнүндө сөз болуп жатканын ачыкташкан жок. Бирок көпчүлүк саясатчылар соцтармактардагы жеке барактарына көрсөтүлгөн жардамы тууралуу маалымат жүктөп жатышат.

«Клооптун» журналисттери депутаттардын, саясатчылардын жана алардын туугандарынын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга көрсөткөн жардамы тууралуу коомчулукка айтып берели деп чечкен публикацияларын чогултту.

Эки достун уулдары жана президенттин тууганы

19-сентябрда Фейсбукта президент Садыр Жапаровдун уулу баткендиктерге гумжардам алып келген сүрөттөр пайда болгон. Сүрөттөрдү өзүнүн жеке баракчасына Тургунбай Алдакулов чыгарган.

«Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Интернационал айылына өлкө башчынын атынан гуманитардык жардам алып келди», — деп жазган ал сүрөттөрдүн алдына.

Президенттин эң жакын досу, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да четте калган жок. Ал атасы менен отурган сүрөтүн Инстаграм барагындагы сторисине чыгарып, жабырлануучуларга жардам бергенин айтып берген.

«Баткенге биринчи гумжардам жеткирилди. Мен аны Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруф Тулаевге өткөрүп бердим. Түнкү саат 2:20да атама жолуктум», — деп жазган ал.

Президент Садыр Жапаровдун жээни Лазат Нуркожоева да кабыл алуу пунктуна алып келген гумжардамын видеого тартып чыгарууну чечкен. Видеону ал жүрөккө тийчү ыр саптары менен коштогон.

Депутаттар жана кан тапшыруу

Коррупция беренеси менен күнөлүү деп табылаган Райымбек Матраимовдун агасы — депутат Искендер Матраимов дагы Баткенге гумжардам жиберген. Парламенттин басма сөз кызматы 17-сентябрда депутат Баткенге 2,5 млн сомду түзгөн 50 тонна гумжардам жеткиргенин билдирген.

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Бул тууралуу маалымат Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун Фейсбуктагы баракчасына да жарыяланган. Фонддун билдирүүсүндө гумжардам «Райымбек Матраимовдун демилгеси менен чогултула баштаганын» белгиленген.

Билдирүүдө 40 тоннадан ашуун биринчи керектелүүчү тамак-аш азыктары, жаш балдарга, аялдарга керектелүүчү буюмдар Баткен облусунун Боз-Адыр айыл аймагына жана Баткен облусундагы чек ара кызматы менен ички иштер башкармалыгынынкызматкерлерине тамак-аш азыктары жеткирилгени айтылган.

Депутаттар жана кан тапшыруу

Соцтармактарда депутаттардын кан тапшыруусу кызуу талкууга алынды. 19-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери Тажикстан менен болгон куралдуу кагылышта жабыркагандарга кан тапшырганын кабарлаган.

Жарыяланган сүрөттөрдөн парламентарийлер канды Бишкектеги Республикалык кан борборунда эмес, Ак үйдүн биринчи кабатындагы фойеде тапшырып жатканын көрүүгө болот.

Парламенттин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине бул Республикалык кан борборунун демилгеси экенин билдирди. Алар кан кабыл алуу пункттарында жумуш көп болгондуктан дарыгерлер өздөрү Ак үйгө келүүнү сунушташкан деп ишендиришти.

Ошол эле учурда, 17-сентябрда депутат Эмил Токтошев парламенттин имаратында эмес, Республикалык кан борборунун өзүндө кан тапшырган.

Бийликте эместерден гумжардам

Бийликте болбогон саясатчылар дагы гумжардам чогултуп, жеткирип жатканын жарыялап жатышат.

Президенттике мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Инстаграмга чек ара жаңжалында жабыркагандарга бир нече фура гумжардам жөнөткөнү тууралуу видео жүктөгөн.

«Мурда дагы, кечээ дагы, бүгүн дагы жардам берип жатабыз! [Мындан ары] дагы уланта беребиз! Анткени дүйнө жүзүндө өз элиң жана жериңен артык эч нерсе жок. Түн ичинде Оштон дагы эки унаага азык-түлүк жүктөп, таң атпай Баткенге алып келдик. “Кыргызстан” банкына жана анын командасынын жардам бергени үчүн ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазган Бабанов видеонун алдына.

Көмөк көрсөтүү тууралуу маалыматты «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков дагы жарыялады. Ал партиянын бардык ресурсу жана мүмкүнчүлүгү Баткенди ар тараптуу колдоого багытталган деп билдирди.

«Күндүз балдар 100 гуманитардык жардам чогултуп Баткенге жөнөтүштү. Азыр дагы жүз үй-бүлөөгө чогулттук. Мындан тышкары, эртең биздин буйрутмабыз менен керектүү дары-дармектер, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүүгө керектүү жабдыктары бар медициналык сумкалар жеткирилет», — деп жазды ал сүрөттүн алдына.

Ыктыярчылар чогулткан гумжардам

Кыргыз–тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Ошол эле күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында кайдыгер эмес жарандар жана бийлик тарабынан чек арага жакын райондордо жабыркагандарга гумжардам чогултуу үчүн пункт ачылган.

Кыргызстандыктар жана башка өлкөнүн жарандары 16-сентябрдан бери гумжардам чогултуу пунктуна кийим-кече, азык-түлүк, жеке гигиеналык жана медициналык каражаттарды алып келип жатышат. Гумжардамды бөлүштүрүп жүктөөгө өтө көп сандаган ыктыячылар тартылган. Алардын жардамы менен гумжардамдын биринчи партиясы Кыргызстандын түштүгүнө 16-сентябрь түнү эле жөнөтүлгөн.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда бери дегенде 59 кыргызстандык каза таап, 200гө чукул адам жаракат алды.

Ал эми тажик тараптын маалыматына ылайык, куралдуу кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашыгы жарадар болгон.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атап жатат. Өз кезегинде тажик тарап жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.