Жүрөгү ооруп жатат. Блогер Ырыс Жекшеналиев ТИЗОдон ооруканага жеткирилди

19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев медициналык кароодон өтүү үчүн конвойдун коштоосунда ТИЗО-1ден ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты «Клооптун» кабарчысына Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) тастыкташты.

Блогердин жакындары 24.kg басылмасына Жекшеналиев жүрөгү ооруп жаткандыктан ооруканага алып келинди деп билдиришти.

«Ырыс жүрөгү, башы жана бели ооруп жаткандыктан медициналык кароого конвой менен алынып келинди. Биз буга чейин эле анын ден соолугу начарлап кеткенин айтканбыз. Биз аны ооруканага которушун талап кылабыз», — деп айтты жакындарынын бири.

Активисттин кармалышы

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев активист Ырыс Жекшеналиевдин постунда бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө чакырыктары жана массалык башаламандык жок деп белгилеген.

Бекешев 20-августта кармалган блогердин жакындары менен жолугушканын айткан. Эл өкүлү укук коргоочулар жаш балага терорристтей мамиле кылып жатат деп айткан. Депутаттын айтымында, активисттин үйүнө тинтүү жасалып апасынын ноутбугу менен сим-картасы алынган.