ИИМ: Улут аралык кастыкты козуткан 20га жакын колдонуучуга карата тергөө башталды

Ички иштер министрлиги «улут аралык кастыкты козуткан» 20га жакын соцтармак колдонуучусуна карата тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул күндөрдө 20га жакын соцтармак колдонуучусу «агрессивдүү түрдө улут аралык араздашууга алып келген билдирүүлөрдү жарыялаган».

ИИМден аталган колдонуучулардын өздүгү аныкталып, алар тергөө кызматтарына алып келингенин билдиришти. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.

Ички иштер министрлиги соцтармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырып, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.