Кыргызстан ЖККУга мүчө мамлекет менен жаңжалдашкан өлкөнү уюмдан чыгарууну сунуштайт

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 22-сентябрда кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан улам Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) уставын кайра карап чыгууну сунуштай турганын билдирди.

Алсак, Иманкуловдун айтымында, Кыргызстан ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда чыккан бардык көйгөйлөр тынчтык жолу менен гана чечилиши керек деген маселени көтөрүүнү пландап жатат.

«Эгер кимдир бирөө маселени күч менен чечүүгө аракет кылса, анда аны уюмдан четтетүүнү сунуштайбыз. ЖККУга мүчө болуп кирип сырткы коркунучтардан коргонууну күтүп жатканда уюмдун ичинен жаңжалга туш болуп жатсак, анда мунун эмне кереги бар? Биздин өлкөлөр мүчө мамлекеттер бири-бирине күч колдоно ала турган жерлерин алып салыш үчүн ЖККУнун уставынын айрым бөлүктөрүн кайры карап чыга турган мезгил келди», — деп жазды Иманкуловдун айткандарын 24.kg басылмасы.

Иманкулов Кыргызстан чек ара маселелери бир гана тынчтык жолу менен чечилиш керек деген позицияны бекем карманарын баса белгиледи.

«Тажикстан бизге душман эмес, дос өлкө. Кылымдар бою жакын жашап келдик. Бул жерде тажик элинин тиешеси жок. Алар ошол кырдаалда жүргүзүлгөн саясаттын жана саясатчылардын туткундары. Кыргызстанга карата бул саясатты кайра карап чыкмайынча эч жакшылык болбойт, мындай жаңжалдар кайталана берет», — деп жазды Economist.kg Иманкуловдун айткандарын.

ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь жана Орусия кирет. Уюмдун башкы максаты «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, уюмга мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн жамааттык негизде коргоо» эсептелет.

Ошол эле кезде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишиминде эгер уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда куралдуу жаңжал чыкса кандай чара көрүлүшү керектиги тууралуу механизм жазылган эмес.

Мисалга, 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки жолу куралдуу кагылышуу болгондо ЖККУ эч кандай конкреттүү чара көргөн эмес, болгону ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө барууга чакырып тим болгон.

ЖККУнун Бирдиктүү штабынын башчысы Анатолий Сидоров Жамааттык коопсуздук келишиминде жаңжалдарды саясий-дипломатиялык ыкма менен чечүүгө артыкчылык берилерин белгилейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.