Чек ара кызматы: «Тамдык» заставасы ушул тапта кыргыз тараптын көзөмөлүндө

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги «Тамдык» чек ара бекетин тажик жарандары түрттүрүп, тазалап жаткан видео боюнча комментарий берди. Мекемеден тажик тарап чек ара заставасына артиллериялык куралдар сокку уруп, андан соң заставанын аймагын тазалоого аракет кылганын белгилешти.

«Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлгөн. Натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматынан учурда «Тамдык» чек ара бекети Кыргызстандын чек ара кызматынын көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарда тажик жарандары «Тамдык» чек ара бекетин экскаватор менен түрттүрүп, бузуп жаткан видео тараган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болду. Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 20-сентябрга карата маалыматына ылайык, бери эле дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жарадар болгон. Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажикстан тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километрден ашыгы макулдашылган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.