Баткен: «Кызыл-Бел» өткөрмө жайында эки тараптуу жолугушуу өтүп жатат

25-сентябрда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкулоо үчүн кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуусу өттүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.

Сүрөт: Баткен облустук администрациясы.

Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууга кыргыз тараптан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана региондогу күч түзүмдөрү катышууда.

Ал эми тажик тараптан УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода жана күч түзүмүнүн жетекчилери келген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.