«Ата-Бейитте» куралдуу кагылышууда тирүүлөй өрттөлгөн үч аскердин сөөгү жерге берилди

26-сентябрда «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда шейит кеткен аскер кызматкерлерин эскерүү митинг-реквиеми өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара учурунда кагылышууда танктын ичинде тирүүлөй өрттөлгөн экипаждын үч мүчөсү — Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Тилек Жаңыбай уулунун — сөөгү жерге берилди.

Президент Садыр Жапаров курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын эрдиги унутулбайт деп билдирди.


«Бул күндөрдө жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештерибиз - баарыбыз Баткен жергесине болгон куралдуу кол салуунун, агрессиянын натыйжасында 62 жараныбыздын өмүрү кыйылганына сай-сөөгүбүз сыздап турган убагыбыз [...] Курман болгон баатыр жоокерлерибиздин ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ушундай эр жүрөк уулдарды тарбиялап өстүргөнүңүздөргө башымды ийип, таазим кылам. Эр-азамат уулдарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун», — деди Жапаров.


Президент «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине Баткен окуяларында мерт кеткен аскерлердин эстелиги орнотулат деп убадалады.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.