Садыр Жапаров төрт чек ара постунун алынганына нааразыларды Баткенге жөнөтүүнү тапшырды

26-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров коргоо министрине «кыргыз-тажик чек арасындагы посттордун алынышына нааразы болгон жарандарды Баткенге жөнөтүүнү» тапшырганын билдирди.

«Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла», — деп жазды өлкө башысынын атынан Султанбаев.

Анын айтымында, Жапаров жер берилди деп айткандар чек арадагы кырдаалды өз көзү менен көрүп келүүгө тийиш деп эсептейт. Ошондой эле, ал эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салганын белгилеген.

«Ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууларга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бир дагы пост ачылган жок», — деди ал.

Султанбаев эки тараптан төрттөн чек ара постторун алып салуу боюнча эки өлкөнүн УКМК жетекчилери кол койгон протокол кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча убактылуу болуп эсептелерин белгиледи.

Эки тараптуу жолугушууда кол коюлган протокол

25-сентябрда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуусу өткөн. Анда Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен «чек арадагы жаңжалды жана анын кесепеттерин токтотуу» боюнча протоколго кол койгон.

Ташиев протоколдун негизинде эки өлкөдөн төрттөн пост толугу менен жоюла турганын айткан.

«Эң негизги маселе, ар дайым согушка алып келген чоң негизги постторду алып салдык. Тажикстан тараптан “Бедак”, “Кех”, “Карачикум”, “Шаршене” заставасы алар дагы толук алына турган болду. Ал эми Кыргызстан тараптан “Тамдык”, “Булак-Башы”, “Катта-Туз”, “Дача” посттору алынат. Ошол жерлерде бир дагы аскер кызматкери жана жөнөкөй жарандар болбой турган, ал жерге эч ким чыкпай турган болду», — деген ал.

Ошондой эле, ал кол коюлган протоколдун негизинде жергиликтүү бийлик органдарына жана күч түзүмдөрүнө бир нече тапшырмалар коюлганын айтып, аны өздөрү көзөмөлгө алып турарын белгилеген.

УКМК төрагасынын айтымында, мындан сырткары мамлекеттик делимитация, демаркация комиссияларынын ишин тездетип, тез аранын ичинде комиссиялар чогулуп, чек ара маселесин чечүү боюнча дагы сүйлөшүү болгон.

Ошондой эле, ал кыргыз тарап протоколдо жазылган бардык пункттарга так жана аны өз убагында аткарат деп айтып, тажик тараптан дагы ушуну талап кыларын кошумчалаган.

Тема боюнча:

«Саткын эмеспиз». Ташиев постторду алууга жергиликтүү эл макул болгонун айтууда