Депутат: Мекендештер орус жарандыгын айласыздан алган, эми болсо аларды согушка жөнөтүп жатышат

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу тармактык комитеттин жыйынында Орусиядагы жарым-жартылай мобилизация тууралуу маселе көтөрдү.

Ал кыргызстандыктардын көбү миграция учурунда мыйзамга байланыштуу көйгөйлөргө кабылбаш үчүн орус жарандыгын айласыздан алышканын белгиледи.

Бирок эми, эл өкүлүнүн айтымында, мекендештерди Орусия президенти Владимир Путин жарыялаган жарым-жартылай мобилизациянын айынан аскердик аракеттерге чакырып жатышат.

Эл өкүлү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жыйында орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын тагдыры тууралуу маселе көтөрбөгөнүнө нааразы болду.

«Ушул боюнча маселелерди көтөрүшүңүз керек болчу. Ошол орус жарандыгын алгандар — биздин туугандарыбыз. Алар мигрант болуп барып, айласыздан Орусиянын жарандыгын алган», — деп нааразы болуп кайрылды депутат министрге.

Ал чет жердеги кыргызстандыктарга министрлик түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн мигранттар мыйзамга байланыштуу кыйынчылыктарга кабылып жатканын кошумчалады.

Мурдарак Орусиянын Ички иштер министрлиги 2022-жылдын алты айында эле 10,6 миң кыргызстандык орус жарандыгын алганын билдирген.

Орусиядагы жарым-жартылай мобилизация

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялаган.

Анда ал аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырыларын билдирген. Ал аскердик кызматка чакырылгандар аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлөрдүн алдында сөзсүз түрдө кошумча даярдыктан өтөрүн дагы кошумчалаган. Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дагы 21-сентябрда Орусиядагы кыргызстандыктар Украинадагы согушка чакыртыла баштаганын билдирген.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерге чет мамлекеттин аймагында аскердик аракетерге катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскерткен.

Ал жактан бул үчүн кыргызстандыктар мүлкүн конфискациялоо менен он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажырап калышы мүмкүн экенин белгилешкен.

Элчиликтен Орусиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе дароо элчиликке кайрылуу керектигин билдиришкен.Тема боюнча:

Юрист жооп берет: Мигранттар, кош жарандыгы барлар мобилизация тууралуу эмнелерди билиши керек?