«Күйүп кеткен бронежилетти беришти». 21 жаштагы аскердин апасы уулун табууга жардам сурайт

Баткендеги «Достук» чек ара заставасында кызмат өтөгөн лейтенант Дастан Анарбеков 16-сентябрдан бери дайынсыз болууда. Анын апасы Сауле Иманалиева MediaHub’га маек берип, бийликтен уулун табууга жардам сурады.

Иманалиеванын айтымында, уулу Дастан Талас облусунун Аманбаев айылында туулуп-өскөн. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, ушул жылдын июлунда Баткен облусуна аскердик кызмат өтөөгө кеткен.

Ал апасы менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу башталган биринчи күнү байланышып, аларда «баары жакшы» экенин айткан.

«Баткенге тажик тарап кол салганда, 14үндө чалсам “апа бизде тынч эле, биз алыспыз, кабатыр болбоңуз” деген. Андан кийин 15-сентябрда күчөп баратканын угуп чалсам алган жок. Анан саат 15тен өткөндө өзү чалды. “Апа биз бошобой калдык, биз жака Ташиев келе жатыптыр, ошону күтүп жатабыз” деди. Тынч болсоңор болду дедим. Анан түнкү саат ондордо чалып кайра сүйлөшкөнбүз», — дейт ал.

16-сентябрда, кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп кеткенде, Иманалиева уулуна чалып бирок байланыша алган эмес — аскердин телефону өчүк болгон.

«Ошол күндөн баштап саат сайын, жарым саат сайын, 15 мүнөт сайын чалып жаттым. Такыр байланыша албадым», — деп ыйлады эне.

Ал эми 17-сентябрда Аманбаев айыл өкмөтүнөн келишип, «жоокер каза болду» деген кабарды угузушкан. Бирок анын сөөгү келген эмес, ал каза болгондордун тизмесинде аты жазылган эмес.

Мындан улам, Анарбековдун атасы бир күндөн кийин туугандары менен уулун издеп Баткенге барган. Аны мина бар деген кооптонуу менен уулу иштеген заставага киргизишкен эмес.

«Анан “сиздин балаңыз” деп күйүп кеткен бронежилетти беришиптир. ДНК тапшырыңыз дептир. Атасы кайра Бишкеке келип ДНК тапшырды. Анын жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгат экен», — деди ал.

Бирок аскердин энеси уулум тирүү деген үмүттө. Ал «балким туткунга түшүп калган, же жарадар болуп бир жерде жатат» деп божомолдоп, бийликтен аны табууга жардам берүүнү суранды

«Мен президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана күч органдарынын башчыларына кайрылып кетким келет. Уулумду издегенге жардам бериңиздер! Тажикстанга сурам кат жиберип, [ал туткундабы-жокпу тактоого] жардам берүүнү суранам», — деди Иманалиева.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга» жана «аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.