«Манас» айтуу боюнча рекорд. Рысбай Исаковдун айланасында эмне болуп жатат?

Үстүбүздөгү жылы 27-сентябрда соцтүйүндө манасчы Рысбай Исаковдун Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан 7 күндүк «Манас» жумалыгында «Манас» айтып жаткан видеосу талкуу жаратты. «Манас» театрынын директору жана долбоордун жетекчиси Азиз Биймырза уулу болсо Исаковдун «Манас» айтканын саясатташтыруунун кереги жок деп билдирди.

Эмне болду?

Түркиядагы «Манас» айтуу жумалыгы. Сүрөт: «Манас» теарты.

Бурса шаарында «Манас» айтып жаткан Рысбай Исаков тартылган видеону алгач Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Фейсбук барагына жарыялады.

Анда Исаков «Манас» айтуунун экинчи күнү чарчаганын, айланасындагы болуп жаткан окуяны обонго салып айтканын көрүүгө болот.

Дөөлөт Сыдыков Рысбай Исаковдун «Манас» айтып жатканын катуу сындап, «Манас атаны минтип бүт дүйнөгө шылдың кылган болбойт!» деп белгиледи.

«Манасчылык өнөрдү, Манас деген атты түрк дүйнөсүнүн көзүнө шылдың кылып жатасыңар! “Манаска” арам эмес, адал иш кылыш керек да. Мени душман көрүп, улуттук чоң иштерди майдалап алдыңар. Манас айтуучулукка доо кетирип жатасыңар!» — деп белгиледи ал.

Сыдыков иш-чара Түрксой эл аралык уюмунун жетекчиси Султан Раевдин башчылыгы менен уюштурулганын белгилеп, Исаковду Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн «акча төлөп, адис чакырып, болбой калса “Манас” жумалыгы өттү кылып» коюшарын айтты.

Ошондой эле ал буга чейин президенттин бийлиги «анын Манас айтуучулугуна дейре киришкенин» белгилеп, «Садыр Жапаров эми “Манасты” дүйнөлүк денгээлде шылдың кылууга жол ачкан экен» деген пикирин билдирди.

Исаковдун «Манас» айтып жатканы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Айрымдары Исаковду «Манастын баркын кетирди» деп айыптаса, кээ бири «Манас айтыш эмес, уктабай жөн отуруш деле оңой эмес» деп видеону жарыялагандарга нааразы болду.

Долбоордун жетекчиси эмне дейт?

Материал жарык көрөр алдында манасчы Рысбай Исаковго байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми «Манас» театрынын директору жана Түркиядагы 7 күндүк «Манас» айтуу жумалыгы долбоорунун жетекчиси Азиз Биймырза уулу «Клоопко» Исаковдун «Манас» айтуусун саясатташтыруунун кереги жок деп билдирди.

Ал видеонун соцтүйүнгө тарап кетишин Рысбай Исаковдун «беделине шек келтирип, рекордду жокко чыгаруу арактинде жасалган иш» деп эсептейт.

Биймырза уулу Исаковдун эпосту баяндап берүүсүн атайын комиссия көзөмөлдөп, протокол түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, манасчы 130 саат «Манас» айтса, комиссия анын 127 саатын таза деп тапты.

«110 сааттын ичиндеги керемет окуяларды, ширелип турган саптарды бирин дагы көрбөй, уйкуга алдырып чарчап тургундагы абалын кесип алып, жалпыга жарыялаганы чыгарган кишинин абийириндеги иш. Жалпы видеону көрүп туруп анан баа бериш керек. Манасчы Рысбай Исаковдун жанында комиссия болуп атты. Темадан чыгып кеткени тууралуу бардыгы протоколдо жазылып турат, бирок уйку менен соонун ортосунда болуп калуусу эпикалык жаңылыштык же туура эмес нерсе деп айтууга негиз жок», — деди ал.

Биймырза уулу Рысбай Исаков айткан «Манастын» толук видеосун көрүп чыгып, анан баа бериш керек деп эсептейт.

«Манас» театрынын жетекчиси Манас айтып рекорд коюунун талабына ылайык, 24 сааттын бир сааты эс алууга берилерин билдирди. Ал «манасчы бул убакытты өзү каалагандай өткөрсө болот» деп кошумчалады.

Гинесс рекорддор китебине кирүү аракеттери

Гиннесс рекорддор китебине кирүү үчүн узак убакытка «Манас» айтуу аракети буга чейин да эки ирет болгон. 2020-жылдын 13-ноябрында манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14:27:51 саат Манас айтып, рекорд койгон.

2021-жылы 31-августта Сыдыков Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында «алты күн, беш түн» «Манас» айтып, узактыгы 111 саатка созулган. Бул иш-чара Дөөлөт Сыдыковду Гиннесс рекорддор китебине каттоо максатында уюштурулган.

«Манас» — кыргыздардын эң ири эпосу. Ал ЮНЕСКОнун адамзатынын маданий мурастар тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.

Тема боюнча:

Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине кирүү үчүн Москвада 111 саат Манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт манас айтты