Жашы жете элек кыз менен нике кыйып жашап алган милиционерге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунда нике курагы жөнүдө мыйзамды бузган милиция кызматкери менен имамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Сузак райондук прокуратурасы жашы жете элек кыздын укугунун сакталышын текшерип, 2021-жылдын 20-декабрында 27 жаштагы Сузак РИИБнин кызматкери Базар-Коргон районунун 16 жаштагы тургуну менен никеге турганын аныктаган. Нике расмий түрдө Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде каттоого алынган эмес.

«Диний ырым-жырымды Акман айылдык кеңештин имамы жасаган. “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” жөнүндөгү берене менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкерине, жашы жете элек кыздын апасына жана имамга айып угузулду. Милиционер ээлеген кызматынан бошотулду», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кылмыш иши Сузак райондук сотуна жөнөтүлгөн — кылмыш иши кароо алдында турат. Кыргызстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, никеге 18 жашка толгондон кийин гана турууга болот.

2022-жылдын июлунда БУУ Борбордук жана Түштүк Азияда бала курагында баш кошкондордун пайызы өтө жогору экенин маалымдаган.

«20дан 24 жашка чейин аялдардын 16%ы 15 жашында, ал эми 20-24 жашка чейинки аялдардын 43%ы 18 жашында турмушка чыккан», — деп билдиришкен БУУдан.

Уюмдан эрте турмушка чыгуу кулчулуктун синоними экенин белгилешти.

«Бир дагы кыз турмушка чыгууга мажбурланбашы керек. Кыйнап күйөөгө берилген кыздар билим алуу, ден соолугун чыңдоо/кароо укуктарынан ажырап, физикалык жана психологиялык жактан зомбулукка кабылып, күңгө, сексуалдык кулга айланышат», — деп белгилешкен БУУдан.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдап кеткен учурлар аз эмес. Кыздар зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө дагы, айрыкча сексуалдык зомбулукка көп кабылат.