БУУ Борбор Азия менен Түштүк Азияда бала куракта турмуш кургандар көп экенин айтты

Борбордук жана Түштүк Азияда бала курагында баш кошкондордун пайызы өтө жогору. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунан билдиришти.

«20дан 24 жашка чейин аялдардын 16%ы 15 жашында, ал эми 20-24 жашка чейинки аялдардын 43%ы 18 жашында турмушка чыккан», — деп билдиришти БУУдан.

Уюмдан эрте турмушка чыгуу кулчулуктун синоними экенин белгилешти.

«Бир дагы кыз турмушка чыгууга мажбурланбашы керек. Кыйнап күйөөгө берилген кыздар билим алуу, ден соолугун чыңдоо/кароо укуктарынан ажырап, физикалык жана психологиялык жактан зомбулукка кабылып, күңгө, сексуалдык кулга айланышат», — деп белгилешти БУУдан.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдап кеткен учурлар аз эмес. Кыздар зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө дагы, айрыкча сексуалдык зомбулукка көп кабылат.

Акыркы айда 13 жаштагы кыздын зордукталганы маалым болгон. Бул иш боюнча учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу шектелип жатат. Кызды зордуктоого шектелген официантка карата тергөө да аяктап калган. Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен. Бирок президенттин администрациясынын жообу активисттердин канааттандырган эмес жана алар Жапаров менен жолугушууну суранышкан.

Жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча муфтийдин мурдагы орун басары Кадыр Маликов билдирүү жасаган. Анын пикиринде, 13 жашар кыздын зордукталышы коомубуздун жана системанын деградациясы өтө терең экенин көрсөтүп турат.

Өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча кийинки сот отуруму 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт.