Бир кадр менен: Аскерлер бараткан унаага дарбыз берген кыргызстандык

Сүрөтчү Вера Андрианова Инстаграм барагына чек арада Тажикстан менен куралдуу жаңжалда бири-бирине көмөк көрсөткөн кыргызстандыктардын жардамына арналган иллюстрациясын жарыялады. Иллюстрацияда аскерлер бараткан унаага гумжардам катары дарбыз салып берип жаткан кыргызстандык чагылдырылган.

Буга чейин ТикТок социалдык түйүнүндө кыргызстандыктар аскердик транспортту күтүп, ал өткөн сайын үстүндөгү аскерлерге дарбыз жана суусундуктарды салып берип жатышканы тартылган видео чыккан. 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыргызстандыктар бири-бирине ушинтип жардам беришкен. Кимдир бирөө аскерлерге акча жиберип, башкалары азык-түлүк берип, айрымдар үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон баткендиктерге баш калкалоо үчүн турак жай берип жардам көрсөтүшкөн.

Тема боюнча:

Күндүн сүрөтү: Биз биригип, бири-бирибизге жардам берүүнү билебиз — ошондуктан биз туруштук беребиз

Сүрөт: Баткендеги чек ара жаңжалында жабыр тарткандарга гумжардам жөнөткөн ыктыярчылар

Үйүн таштап качкан эл: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурундагы эвакуациядан сүрөт баян