Күндүн сүрөтү: Биз биригип, бири-бирибизге жардам берүүнү билебиз — ошондуктан биз туруштук беребиз

Сүрөтчү Татьяна Зеленская өзүнүн социалдык тармактагы барагына кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга арналган иллюстрациясын жарыялады.

Иллюстрацияда балдар колдорунда «Үй бар» деген жазууларды кармап турат.

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

«Бизге дагы бир кол салуу болду, абдан коркунучтуу. Ок атып, өлтүрүп, тоноп, үйлөрдү өрттөп атышат. Бирок мен өзүмө жана бардыгына эскертким келет, биз биригип, бири-бирибизге жардам бергенди билебиз, ошондуктан биз туруштук беребиз. Үй бар!», — деп жазган ал.

Сүрөтчү мындай иллюстрацияны тартышына «Клооптун» журналисти Айбике Адилет кызынын фейсбукка жарыяланган сүрөтү түрткү болгонун айтты.

Сүрөт: «Клооптун» журналисти Айбике Адилет кызы

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталып, учурда абал курч бойдон калууда. Баткенден 136 миңден ашуун адам, ал эми Чоң-Алай районунан беш миңден ашуун тургун эвакуацияланды.

Чыргыз-тажик чек арасындагы атышуунун кесепетинен жарадар болгондордун саны 122ге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы тууралуу азырынча маалымат берген жок. Буга чейин атышуунун кесепетинен 24 кыргызстандык каза болгону айтылган.

Учурда өлкөнүн булуң-бурчунан кан жана гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология

Чек ара кызматы: Тажик тарап келишимди бузуп, кайрадан ок чыгарууда

Чек арадагы атышуунун кесепетинен 24 киши каза таап, 103 адам жарадар болду