Акылбек Жапаров: Баткенде чек арачылар 76 миң сомго чейин айлык ала баштайт

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапарында 1-октябрдан тартып чек арачылардын айлыгы көтөрүлөрүн айтты. Буга чейин президент аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин маянасына кошумча төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Жапаров менен жолугушууда жергиликтүүлөрдүн бири кыргыз-тажик чек арасындагы иштеген чек арачылардын маянасы аз экендигин айтты.

«Ушул балдар 15 миң сом айлык алат. Эми ушул аскер кызматкерлер үчүн [жакшыбы]? [...] Мына канчасы өлүп кетти. Ушул балдарга рахмат! Аз эле бала [чек арадан] тажиктерди чыгарбай турушту», — деди жергиликтүү тургун.

Жапаров буга бийлик 1-октябрдан тарта аскер кызматкерлеринин, анын ичинде чек арачылардын айлыгын көтөрөрүн эске салды. Анын айтымында, келишимдик негизде иштеген сержант 16 миң сом алган болсо, эми 38 миң сомдон ала баштайт.

«Бирок Лейлек жана Баткенде кызмат өткөгөндөргө эки деген коэффицентти коёбуз. Ошондо ушул эки райондо кызмат өтөгөндөр 76 миң сом ала башташат», — деп билдирди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасын көтөрүү тууралуу жарлыкка 14-17-сентябрда Баткен облусунда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин кол койгон.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, куралдуу кагылышууда бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун айтымында, каза болгондордун 40 жакыны — аскер кызматкерлери.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.Башкы беттеги сүрөт архивдик: Жеңиш Айдаров / RFE/RL.