1-октябрдан тартып күч органдарынын маянасына кошумча төлөмдөр жогорулайт

2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөө үчүн үстөк акылары жогорулайт. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, үстөк акы жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин көтөрүлөт. Жарлыктын прокуратура кызматкерлерине тийешеси жок.

Президенттин администрациясы жарлыкка аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуу жана алардын кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында кол коюлганын баса белгилешти.

Чек ара кызматкерлерине батирлер

11-сентябрда Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырган.

Президент 36 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн турак-жай курууга мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөнүн белгилеген.

Анда ал Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын айткан.

УКМК кызматкерлерине батир жана жаңы имараттар

2022-жылдын августунда Садыр Жапаров Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган. Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

2022-жылдын сентябрында Мамлекеттик сатып алуулар порталында Таласта УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй куру боюнча тендер жарыяланган. Порталдын маалыматына ылайык, пландалып жаткан сумма — 91 млн 378 миң сомду түзөт. Сынакка билдирүүлөрдү берүү мөөнөтү — 30-сентябрга чейин. Техникалык спецификада, үй беш кабат болот, толук бүткөрүлүп берилет деп айтылат.

УКМК кызматкерлери үчүн турак жайлардан тышкары кызматтык имараттар дагы курулууда. 2022-жылдын сентябрь айында атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ведомствонун кызматкерлери үчүн 50гө жакын жаңы имарат курулганын билдирген.