Билим берүү министрлигинин жамааты Бейшеналиевдин кармалышынан улам бийликке кайрылуу жолдоду

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бийлик башындагыларга кайрылып, министр Алмазбек Бейшеналиевдин ишин калыс иликтеп берүнү өтүнүштү. Министр ИИМ тарабынан «пара алууга» шектелип кармалган болчу.

Кайрылуу президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жолдонду.

Министрликтин эмгек жамааты кайрылууда «өлкөбүз мекенине ак кызмат өтөгөн, потенциалдуу кадрын колдон чыгарып жибере албайт» деп белгилешти.

«Биздин министр эмгек жамаатында чоң кадыр баркка ээ жана биз үчүн интеллигенттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн жана кесипкөйлүктүн эталону экенин билдиребиз», — деп белгилешти алар.

Кайрылууда министр ар бир кызматкерге жекече мамиле жасап, көйгөйдү чечүүдө эмгек жамаатына колдоо көрсөткөнү менен айырмаланары айтылат.

Аны менен катар, кызматкерлер Бейшеналиевди реформачыл жана билим берүү системасын эл аралык талаптарга ылайыкташтырууга бел байлаган жетекчи катары сыпатташты.

Министрдин кармалышы жана депутаттардын нааразычылыгы

28-сентябрда ИИМ Алмазбек Бейшеналиевди чет өлкөлүк студенттерди өлкөдөгү жогорку окуу жайларга кабыл алууда «өзгөчө ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармаган. Сөз 110 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты тууралуу экени айтылууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттары билим берүү министринин кармалганына наарызы болушкан. Депутат Эмил Токтошев билим берүү министри пара алганынан күмөн санаарын билдирген.

Депутат Жанар Акаев Бейшеналиевдин кармалганы мугалимдерди капа кылганын белгилеген. Ошондой эле эл өкүлү минкабдан аткаминерлерди кармоодо шоу жасабоону суранган.

Акаев мындай камоолордун айынан өлкөдө эч ким мамлекеттик кызматка иштегиси келбей калганын айткан.

Тема боюнча:

Парламент депутаттары билим берүү министри кармалганына нааразы болушту