Элчилик Орусияда убактылуу жүргөн кыргыздар аскерге чакырылат деген маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги чет элдик жарандар, анын ичинде Орусияда убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктар аскердик кызматка чакырылат деген маалыматты четке какты.

Буга чейин соцтүйүндө Орусиянын Ички иштер министрлиги кол койду делген аскерге чакыруу боюнча буйруктун сүрөтү тараган.

Анда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө милдеттүү экени жазылган.

Буйрукта эгер чет элдик жарандар кызмат өтөөдөн баш тартса, алардын иштөө боюнча уруксаты жокко чыгарылары жана беш жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынары айтылат.

Кыргыз элчилиги документтеги маалыматтар жалган экенин белгилеп, кыргызстандыктарды чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

Орусиядагы мобилизация

Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. Орусия Херсон, Луганск облустарын, Запорожск жана Харьков облустарыны бир бөлүгүн басып алган. Бирок аймактарды басып алуулар согуштун алгачкы үч айында болгон, кийин украиналыктар чабуулду токтотуп, Харьков облусунун көпчүлүк бөлүгүндө көзөмөл орното алган.

Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлүп жана жарандар болгондорун кошуп 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинан куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорун кошуп 58 миңден ашкан.

Орусия болсо алда канча аз санды айтууда. 21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Бирок, «Медиазона» басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери 25-сентябрда каза болгондордун саны эң аз дегенде 6 756 киши экенин аныкташкан.

21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырылат. Бийлик жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирүүдө. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

«Жарым-жартылай мобилизация» Орусиядан жарандардын жапырт чыгып баштоосуна түрткү кылган. Негизги багыттардын бири Казакстан болгон. Казак ИИМнин маалыматына ылайык, 21-сентябрга карата, өлкөгө 98 миң орус жараны кирген.

Ал эми Кыргызстанда акыркы сегиз айда 170 миңге жакын орусиялык каттоого турган. Орусияда мобилизация жарыялангандан тарта, Санарип министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 526 киши жашаган жери боюнча каттоого турган. Ошол эле учурда өлкөдө турак жайдын ижара акысы кескин өсүп кеткен, ал эми кээ бир мейманканаларда орундар дээрлик калбай калган.

Дагы окуңуз:

Путин Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилицизация башталганын жарыялады

Орусия мобилизацияга камынууда. Орус жарандыгы бар кыргыздар андан кутулуп кете алабы?