Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан жаа атуу боюнча эркектер арасындагы мелдеште 1-орунду ээледи

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан жаа атуу боюнча эркектер арасындагы командалык мелдеште биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу «ТРТ Спорт» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда жаа атуу боюнча эркектер жана айымдар арасында, жеке жана командалык категорияда мелдеш өттү.

Жаа атуу боюнча эркектер арасындагы жеке мелдеште биринчи орунду Түркиянын спортчусу Огуз Окчу алса, аялдар арасындагы жеке мелдеште монголиялык спортчу Баярма Сере биринчи орунду ээледи.

Ал эми жаа атуу боюнча айымдар арасындагы командалык мелдеште Малайзиянын спортчулары биринчи орунга чыкты.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Бул жолку оюндар «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураан менен өтүп жатат.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу барды, алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Жапаров менен Эрдоган Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында