Көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары шалвар күрөшү боюнча үч медалга ээ болушту

Кыргызстандык балбандар Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында шалвар күрөшү боюнча үч медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Амантур Камчыбеков 70 килограмм салмакта күмүш медаль утту. Ал эми Ислам Орозбеков 75 килограмм салмакта, Бекжан Жамбылов 80 килограмм салмакта коло байгеге ээ болушту.

Буга чейин кыргызстандык балбандар алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча командалык эсепте биринчи орунду ээлешкен.

Кыргыз балбандары алыш бел боо күрөшү боюнча жалпы 19 медалга ээ болду — 10у алыштын эркин түрү, 9у классыкалык түрү боюнча.

Ал эми кыргызстандыктар таяк тарыш боюнча алты медаль утушкан. Ошондой эле Кыргызстан жаа атуу боюнча эркектер арасындагы командалык мелдеште биринчи орунга чыккан. Мындан сырткары, кыргыз спортчулары капышмалы аба күрөшү боюнча төрт медалга ээ болушкан.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2-октябрга чейин болот. Бул жолку оюндар «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураан менен өтүп жатат.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу барды, алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Тема боюнча:

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан классикалык алыш бел боо күрөшү боюнча биринчи орунду ээледи