Видео: Пакистандык студенттер чек ара жаңжалында жабыркагандарга гумжардам жеткиришти

Пакистандык студенттер кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен жабыркаган Баткендин тургундарына гуманитардык жардам жеткиришти. Жеринде тартылган видеону пакистандык студент Гуляб Хан твиттер барагына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Баткен элине жардам көрсөткөн пакистандык стденттер Кант шаарындагы медициналык универститетте окушат.

«Бул өлкөнүн тузун жеп, бизди сыйлады. Селден улам [Пикситандагы] үйлөрүбүз, мектептерибиз талкаланды. Бирок, баарыбыз, пакистандык студенттер ушул оор мезгилде Баткендеги Кыргызстандын жабыр тарткан үй-бүлөлөрү менен ийиндеш болуп турабыз», — деп жазды ал.

Буга чейин Ошто Пакистан менен Индиянын жарандары чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен элин колдоо максатында 100 миң сом чогултуп беришкен.

Анда каражаттын көбүн аталган өлкөлөрдөн келип Ошто окуп жаткан студенттер бергени кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.

Тема боюнча:

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы сегиз чек ара бекети алынмай болду