Жарандык авиация чет элдик пилотторго өлкөдөгү учактарды башкарууга уруксат берүүнү сунуштады

Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги чет элдик пилотторго өлкөдөгү учактарды башкарууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Анда чет элдик учкучтар жайкы курамга коммерциялык учууларды жана башка авиациялык иштерди аткарууга кабыл алынышы мүмкүн экени айтылат.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дүйнөлүк Airbus, Boeing, McDonnell Douglas учактары колдонулат.

Жарандык авиация агенттиги кыргызстандыктардын арасында чет элдик учактарды башкарууга уруксат алган пилоттор дээрлик аз болгондуктан, ишке чет өлкөлүк кызматкерди тартуу зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

«Ал эми тажрыйбалуу пилотторду даярдоо үчүн көп нерсе талап кылынат, алар узак убакыт окуп, тажрыйбасын арттырышы керек», — дешти агенттиктен.

Ошондой эле сунушталган долбоордун Кыргызстандын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге каршы келбеси айтылат.

Тема боюнча:

Султанбаев: Президент Нью-Йоркко акысыз учуп келди, ал учакты лизингге алуу каралууда