Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эң күчтүү команда болду

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалында жеңди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын Инстаграмдагы расмий барагында айтылат.

Финалда кыргыз командасы казакстандык оюнчуларды 5:0 эсебинде жеңди. Бирок, көкпар турниринде Казакстандын курамасына 3:4 эсебинде утулду.

Буга чейин кыргыз курамасы көк бөрү боюнча түрк компандасын 7:6, ал эми көкпар боюнча 9:3 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өз-өзүнчө өтүп жатат.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады. Бул жолку оюндар Түркияда 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өттү. Ага 102 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышты.