«2 млн сом кем чыкты». «Кыргызалтындын» эки филиалында каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын «Макмалалтын» жана «Кыргызалтын-курулуш» филиалдарында жалпы 2 млн 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынганын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, филиалдардын кызматкерлерине «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

«Макмалалтын» жана «Кыргызалтын-курулуштун» өндүрүштүк филиалдары «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын курамына кирет.

«Макмалалтын» комбинаты — мамлекеттик ишкананын негизги өндүрүштүк филиалы. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан «Макмал» алтын кенинин базасында түзүлгөн.

«Кыргызалтын-курулуш» филиалынын Чүй облусунун Аламүдүн айылында өндүрүштүк базасы бар. «Кыргызалтын» — алтын кендерин өздөштүрүү жаатында иш алып барган ири атамекендик ишкана.