Араванда аялга зомбулук көрсөткөн кишиге 50 миң сом айып пул гана салынды

Ош облусунун Араван районунда аялына зомбулук көрсөтүп, аны өзү менен жашоого мажбурлап келген кишиге 50 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу жактоочу Мухайо Абдураупова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Кара-Суу райондук соту кабыл алган. Киши «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси боюнча жоопко тартылган.

Жактоочу аялдын сабалгандагы сүрөттөрүн жана кишинин тапанча менен аялын коркутуп жатат дегендеги сүрөтүн жарыялады. Ал бул фактыларды тергөөчү жашырып койгонун айтты.

Облустук соттон ушундай чечим кабыл алынганын тастыкташты. Бирок эки тарап тең аппеляциялык арыз менен кайрылганын белгилешти.

Зомбулукка кабылган аялдын иши

22-августта жактоочу Абдураупова Араван РИИБи зомбулукка кабылган аялдын арызын кабыл албай койгонун айтып чыккан.

Анын айтымында, Аравандын тургуну бир жылдан бери күйөөсүнөн кетүүгө аракет кылып келет. Бирок киши ажырашууга жол бербей, аны өзү менен жашоого мажбурлайт.

Жактоочу 2021-жылдын март айында видео байкоочу камерага түшүп калган тасманы жарыялаган. Анда эркек киши аялдын үйүнө короонун тосмосунан ашып кирип, жаш баласынын көзүнчө жабырлануучуга кол салып, анын телефонун талкалап салганын көрүүгө болот.

Андан бери зомбулук токтогон эмес – үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда киши аялдын жумуш ордуна барып, башкалардын көз алдында ага зомбулук көрсөткөн.

Ал эми 21-июлда киши аялды муунтуп, тепкилеп, сабап, экинчи телефонун да сындырып, «ажырашпайсың» деп үйүнө мажбурлап алып келген.

Абдураупова аял милицияга кайрылганда, алар фактыны «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен каттап, бирок сабоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактысы боюнча арызды кабыл албай коюшканын айткан.

Жактоочу бул тууралуу соцтармакка жазып чыккандан кийин, 23-августта гана Араван РИИБи аялды милицияга чакырып арыз алган.

Ал эми милициядан Абдураупованын айткандарын четке кагышкан. Алар «аял 16-август күнү Араван РИИБге кайрылып, бирок кайрадан келүүнү убадалап кетип калган» деп билдиришкен.

Ал эми аялдын июлда жазган арызы боюнча «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Кара-Суу РИИБке өткөрүлүп берилгенин айтышкан. ОИИБден иш соттук кароо алдында турганын кошумчалашкан.


ТЕМА БОЮНЧА:

«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы