«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагалыгына Бактыбек Сыдыков шайланды

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы болуп Бактыбек Сыдыков шайланды. Бул тууралуу 6-октябрдагы парламент жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Сатыбалдиев мындай чечимди фракциянын мүчөлөрү жыйында кабыл алышканын айтты.

«Биз “Ата- Журт Кыргызстан” фракциясынын кезектеги жыйынында партиянын лидери Нурланбек Шакиев төрага болгонуна байланыштуу лидери кылып Бактыбек Сыдыковду дайындадык», — деди ал.

Буга чейин, 5-октябрда фракциянын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган.

Бактыбек Сыдыков

Бактыбек Сыдыков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого Матраимовдор кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин ал «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. Ошол эле күнү Сыдыковдун аэропорттун кызматкерлери анын жетекчи болушун каршы болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Чогулгандар «Сыдыков кетсин, жаштар келсин» деген ураандарды айтышкан.

Сыдыков 2021-жылдын февраль айында кызматынан алынган.

Ошол эле жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ноокен шайлоо округунан талапкер болуп, эң көп добуш менен депутат болуп шайланган.