ТИМ: Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып, ооруканага түштү

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында «Прайдекс» курулуш фирмасында иштеген Кыргызстандын 27 жараны ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 6-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, аталган фирма жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылып келген жана алар Лахта-Борборундагы курулушта иштеп жаткан.

Учурда жабырлануучулар Боткин атындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, уулангандардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор текшерүү жүргүзүп жатат.

ТИМдин басма сөз кызматынан элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактап жатканын белгилешти.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылга карата Орусияга жалпысынан 1 миллион 639 миң 28 кыргызстандык кирген. Анын 884 миң 133ү жумушка орношуу максатында келишкен.