Баткен: Интернационал айылынын тургундары президентке кайрылды

6-октябрда Лейлек районунун Интернационал айылынын тургундары бийлик өкүлдөрү тарабынан көңүл бурулбай жатканына нааразы болуп, коопсуздукту камсыздап берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Бул тууралуу 24.kg басылмасы билдирди.

Тургундар тажик аскерлери тарабынан коркутуу болуп жатканынан улам чек арага тыгыз жайгашкан эгин талаалардан түшүмдөрүн жыйнай албай жатканын айтты.

«5-октябрда саат 18:00 чамасында дагы ок атылды. Кышкыга талаадагы түшүмүбүздү жыйнап алышыбыз керек. Бизди коргогон чек арада бир дагы аскер жок. Балдарыбыз ок терүү менен ойноп калышты», – деп айтылат кайрылууда.

Алар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин талкаланган базарды калыбына келтирип, айылда тазалоо иштерин жүргүзүүнү суранышты.

«Базар иштебей, башка жактан соода кылып жатабыз. Бийликтен бизге кичинекей базар ачып беришин суранабыз. Элибиз ушул жерден тамак-аш жеп, өзүбүздү-өзүбүз тейлейли. Энелер менен балдар кыйналды, болбосо бизди көчүрүп кеткиле. Айылда тазалоо иштери бир аптадан жүргүзүлбөй жатат, көргөн кишинин жүрөгү түшүп, кайрадан стресске кабылууда», – дейт тургундар.

Алардын айтымында, Интернационал айылынын тургундарынын 70%ы үйүнө кайтып келе элек болсо, көпчүлүгү башка жактарга кетип жатышат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 600 турак жай, 285 сарай жана чарба курулушу, 6 мектеп, 6 бала бакча, 9 административдик имарат, 26 авто унаа жана башка 171 жашоо тиричилигин камсыздоо объектиси жабыркаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.

Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.