Жогорку Кеңеште №47 абак жайынын ордуна парк куруу сунушталды

Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында депутат Жаныбек Абиров Бишкектеги №47 абак жайынын ордуна турак-жайларды куруудан мурун, парк ачууну сунуштады.

Абировдун айтымында, Бишкек шаарындагы Ленин районунун тургундары аталган аймакта эс алуу паркы жок экенин айтып, көп кабаттуу үй куруунун ордуна парк маанилүү экенин айтып кайрылышкан.

«Шаар тургундары “8 гектар жерди жаңы парк кылбайлыбы” деп сунуштап жатышат. Парк курулса шаарды жашылдандырууга өбөлгө түзүлүп, экология үчүн да чоң салым болмок», — деди депутат.

Ошондой эле, ал Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда эс алуу парктары курулбаганын кошумчалады.

Аткаминерлер үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында Бишкектеги мурдагы №47 колониясын демонтаж кылуу ишинин жүрүшү менен таанышышкан.

Анда түзөтүү колониясынын имаратын бузуу чечими 2022-жылдын июнь айында кабыл алынган. Колониянын медициналык, турак-жай жана башка кызматтары Новопокровкадагы №8 жана Молдовановка айылындагы №27 жана №31 атайын жайларына көчүрүлө турганы айтылган.

Жапаров №47 түзөтүү колониясын көчүрүүгө «түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары» себеп болду деп түшүндүргөн. Ал ошондой эле, мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы «коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат» деп белгилеген.

Ал эми №47 колониянын 8,5 га аянттына 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплекси, билим берүү мекемелери жана бала бакчалар салына турганы айтылган.

Тема боюнча:

Бишкектеги №47 колония бузулат — камактагылар башка мекемелерге которулат