Соцфонд: 10-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулайт

Ушул жылдын 10-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго жеткирилет, ал эми камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

«Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү 2017-жылдан бери жыл сайын индексацияланып, анын негизинде пенсия жогорулатылганын унутпашыбыз керек. Ошондуктан айрымдар үчүн базалык бөлүк 1780 эмес, 100-200 сомдон жогору болушу мүмкүн. Бул суммалар 3170 сомго чейин жеткирилет», — деди ал.

Мукамбетовдун айтымында, пенсиянын базалык бөлүгү кепилденген, ал республикалык бюджеттен каржыланат. 2022-жылдын калган үч айында базалык бөлүгүн төлөөгө 3 миллиард 83 миллион сом каралган.

Ал эми камсыздандыруу бөлүгү пенсиялык фонддун эсебинен жогорулатылат. Анын төлөмдөрү үчүн жыл аягына чейин 1 миллиард 341 миллион сом бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу чечимин кабыл алганын айткан.

Анын айтымында, пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүнөт. Ага ылайык, пенсионерлер алып жаткан акчанын үстүнө 1700 сомдон 3400 сомго чейин кошулат.

Пенсиянын өлчөмү өткөн жылдын 1-октябрында дагы көтөрүлгөн. Анда 4 785 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сом, ал эми 4 785 сомдон жогору пенсия алгандарга 500 сом кошулган. Пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 154 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 714 миң 589 пенсионер каттоого алынган.