Видео: Ырыс Жекшенилиев: Мени түрмө менен сындыра албайсыңар

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиевди 14-декабрга чейин камакта калтырды. Судья чечимди окуп жатканда Жекшеналиев коргоочу пластик кабинаны тепкилей баштады.

«Позор! Кудай алдында жооп бересиңер силер. Жапаровду сотторгондор бүгүн мени соттоп жатат. [...] Түрмө менен сындыра албайсыңар. Түрмө менен тескерисинче күчтөнтөт, таптап чыгарат! Мени камоо менен журналисттерди, студенттерди, жаштарды коркутуп атат. Эч ким коркпойт! Коркута албайт! Позор!» — деп кыйкырды ал.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Активист 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Материалды даярдаган: Зулайка Эркимбаева.

Тема боюнча:

Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугу солгундап кетти

Жетим-Тоо кени боюнча талаш-тартыш эмнеден башталды, эмне үчүн ал көп сөз боло баштады?