Бир видео менен: Жапаров менен Алиев Бишкектеги достук сейил багынын ачылышында

11-октябрь күнү Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев достук сейил багын ачышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын өлкө башчысы бул сейил бак кыргыз-азербайжан мамилесиндеги «бекем достуктун жана бир туугандыктын» символу болуп каларын белгиледи.

Жапаров ошондой эле, Алиевдин арты менен 2022-жылы Азербайжан менен өнөктөштүк жаңы деңгээлге чыкканын билдирди. Анын айтымында, достук сейил багы Азербайжан тараптын биргелешкен аракети менен курулган.

Өз кезегинде Алиев парктын символикасын белгилеп, азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди.

«Бүгүн кыргыз жеринде бул боордоштук сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө экенин дагы бир жолу көрүп турам», — деди Алиев.

Азербайжандын президенти Кыргызстанга 11-октябрда мамлекеттик сапар менен келген.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан Жапаров менен Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышарын билдиришкен.