«Бул уят». Депутаттар блогер Жекшеналиевди камактан бошотууга чакырышты

Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы жыйынында бир нече депутат кармалган блогер Ырыс Жекшеналиевдин маселесин көтөрүп, аны камактан бошотууга чакырышты.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов төрагага Жекшеналиевдин ишин көзөмөлгө алуу боюнча протоколдук тапшырма берди.

«Ырыс 19 жаштагы бала, жаш да. Эмне үчүн ушундай? Жаштар эмес, курагы бир топко барып калгандар да адашып жатышат. Бүгүнкү күнү баланы ал жерде[камакта] кармап отурган уят. Кысымга алуу деген болбош керек», — деп эсептейт Икрамов.

Жекшеналиевди бошотуу талабын депутат Сеид Атамбаев да айтып чыкты.

«Парламентте үч-төрт жолу айттык. Эми 19 жаштагы баланы бекер эле түрмөдө кармап отурасыңар. Бул негизи болбойт. Анын да чеги бар», — деп билдирди депутат.

Ырыс Жекшеналиевдин иши

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен блогер ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиевди 14-декабрга чейин камакта калтырган. Судья чечимди окуп жатканда Жекшеналиев коргоочу пластик кабинаны тепкилей баштаган.

«Позор! Кудай алдында жооп бересиңер силер. Жапаровду сотторгондор бүгүн мени соттоп жатат. [...] Түрмө менен сындыра албайсыңар. Түрмө менен тескерисинче күчтөнтөт, таптап чыгарат! Мени камоо менен журналисттерди, студенттерди, жаштарды коркутуп атат. Эч ким коркпойт! Коркута албайт! Позор!» — деп кыйкырган ал.