Акыркы мезгилде Бишкекте социалдык маанидеги муралдардын саны көбөйүүдө. Мурал — бул дубалга тартылган чоң көлөмдөгү сүрөт.

Мурал шаардын чөйрөсүн жана имараттарды кооздоо үчүн гана тартылбайт. Айрым муралдар өлкөдөгү маанилүү окуяларды, инсандарды, чыгармаларды жана башка нерселерди даңазалап, жарандарды аракеттенүүгө түртөт.

Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморовго арналган мурал.

Чүй/Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

Бул муралда белгилүү советтик театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана сүрөтчү, советтик кино актёру, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов тартылган.

KYZart group’тун сүрөтчүлөрү муралды Чүй жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын дубалына тартышкан.

Турсунбаева менен Чокморов Чыңгыз Айтматовдун аңгемесинин негизинде тартылган Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма» тасмасында башкы ролду ойношкон.

Дарыгерлер жана Адинай Мырзабековага арналган мурал

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) жатаканасынын 7-имараты

Сүрөт: Адилет Бакытов

Муралды сүрөтчү Марлен Бакачиев КММАнын буйрутмасы менен тарткан.

Дубалдын бир бөлүгүндө Кыргызстандын желегининин фонунда медкызматкерлерге гүл сунуп жаткан кичинекей кыздын сүрөтү тартылган.

Экинчи бөлүгүнө сүрөтчү 21 жаштагы КММАнын бешинчи курсунда окуп, COVID-19 жуктургандар жаткан стационарда бейтаптарды дарылап, ыктыярчы болуп иштеп жүрүп каза болгон Адинай Мырзабекованы тарткан. Ал 2020-жылы 13-июлда каза тапкан.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 200 993 кишиге жеткен, айыккандар — 196 406, ал эми каза болгондор — 2 991 киши.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова

Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

Муралды Кыргызстанда белгилүү DOXA Art-group арт-тобу олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндардын урматына даярдаган.

Муралда Айсулуу Тыныбекова — эң көп наам алган Кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону тартылган.

2019-жылы Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалды уткан. Дал ошол медаль Кыргызстандын тарыхында дүйнөлүк биринчиликтеги жогорку абройлуу медаль болуп калган.

Токио-2020 Олимпиадалык оюндарында Тыныбекова күмүш медалдын ээси болгон. Ошол эле жылы Норвегияда өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында ал дагы бир ирет жеңүүчү болгон.

2022-жылы Түркияда өткөн Ислам шериктештик оюндарында Тыныбекова алтын медаль уткан.

«Сенин шаарың — сенин тандооң»

Ахунбаев көчөсүндөгү Дене тарбия институтунун тосмосу

Сүрөт: Адилет Бакытов

Стрит-арт долбоор Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Расым Маратованын идеясы менен ишке ашкан. Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн грантка ээ болуп, экология көйгөйлөрүнө көңүл бурууну каалаган.

Стрит-арттын авторлору Вера Андрианова жана сүрөтчү Арслан Нарынбеков.

2021-жылы Бишкек абанын булганышы боюнча IQ Air эл аралык рейтингинде дүйнөлүк шаарлардын сап башына чыккан — борбор калаадагы абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) 269 бирдикти көрсөткөн.

«Мен Бишкекти сүйөм»

Токтогул/Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

BASICOLORS арт тобу бул муралды «Мен Бишкекти сүйөм» долбоорунун алкагында жараткан. Граффити бишкектиктерди жана калаанын конокторун тазалыкты сактоого чакырат.

2019-жылы Бишкекте таштандыны иргеп чогулткан үкөктөр пайда болгон: желим, кагаз жана айнек таштандылар өзүнчө топтолот. Бирок, маселе иргелген таштанды кайра эле шаар четиндеги бирдиктүү таштанды полигонуна төгүлүп жатканында болгон — таштандыны кайра иштетүүчү завод дагы деле жок.

Бирок, Кыргызстанда «Begreen» деген пластикти кайра иштетүүчү завод ачылган. Андан тышкары, Бишкекте таштандыны утилизациялоочу Ихсан Эко Групп, Эко технолоджис, Фаворит Нур сыяктуу уюмдар бар.

Бурулайга арналган мурал

Логвиненко/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

DOXA Art-group’тун сүрөтчүлөрү муралда мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдалып, андан соң милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын тартышкан.

Кыздын өлтүрүлүшү кыргыз коомчулугунда резонанс жаратып, алардын көңүлүн өлкөдөгү аялдардын укугу маселесине бурган.

Бурулайды Марс Бөдөшев досу жана классташы болуп уурдашкан.

Аларды милициянын кабылдамасына алып киришкенде Бөдөшев Бурулайга бычак сайып, өз өмүрүн да кыюуга аракет кылган.

Кыздын абалы оор болуп, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калган. Уурдаган киши ооруканадан чыгып, киши өлтүргөнү үчүн соттолгон.

Кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо кылмыш болуп эсептелет. Бирок, өлкөдө кыздарды уурдоо токтобой келет. Көйгөй киши уурдагандар бул көрүнүштү салт катары көрүшкөндүгүндө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы мажбурлап никеге тургузуу максатында киши урдоо боюнча 254 иш катталган, алардын 84%ы кылмыштын курамы жок деген жүйөө менен токтотулган.

Советтик Кыргызстандын кызы

Чүй/Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

Советтик сүрөтчү Семён Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» сүрөтүнүн заманбап вариантын 2014-жылы DOXA Art-group тобу жараткан.

Сүрөттөгү пионердик жагоого окшогон кызыл жолукчан, колунда китеп кармаган айылдык кыз — Кыргызстандын советтик адамдарынын эркиндигин жана өзүнө болгон ишениминин символу.

1974-жылы «Советтик Кыргызстандын кызы» сүрөтү менен СССРдин почта маркасы чыгарылган.

«Ак кеме»

Манас проспектиси/Москва көчөсүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

Бул муралдын автору DOXA Art-group тобунун сүрөтчүлөрү.

Муралда Чыңгыз Айтматовдун 1970-жылы «Новый мир» журналында жарык көргөн «Ак кеме» чыгармасындагы бала тартылган. 1975-жылы режиссер Болот Шамшиевдин ушундай эле аталыштагы фильми жарык көргөн.

«Биз бул баланын образы “Ак кеме” чыгармасын окуган ар бир адамдын жүрөгүндө калган деп ойлойбуз. Чыгармадагы окуя абдан таасирдүү жазылган, ал эми аягы болсо жүрөктү оорутат. Ар бир баланын, кыздын жашоосунда ата-энеси болсо экен дейбиз, ал эми бул сүрөт ушул тилекти эскертип турат», — деп комментарий беришкен чыгармачыл топтон.

Чыңгыз Айтматов

Масалиев/Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде

Сүрөт: Адилет Бакытов

DOXA Art-group тобунун дагы бир эмгеги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусундагы Шекер айылында, мамлекеттик кызматкер Төрөкул Айтматов жана театр актрисасы Нагима Айтматованын үй-бүлөсүндө туулган.

Анын 1958-жылы жазган «Жамиля» чыгармасын француз акыны Луи Арагон француз тилине которгондон кийин Айтматов дүйнөгө таанымал болгон.

Айтматовдун эмгектери 176 тилге которулуп, 128 өлкөдө басып чыгарылган. Кыргыздын залкар жазуучусунун чыгармачылыгы түрк тилдүү өлкөлөрдүн жалпы мурасы болуп эсептелет.

Сүрөт баянды даярдаган: Адилет Бакытов.