Жанар Акаев: Эркин басылмаларды каралагандарды токтотушубуз керек

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында сөз эркиндиги тууралуу маселе көтөрүп, көз карандысыз басылмаларга жан тартты. Ал «5-10 адамды жалдап, эркин басылмаларды каралагандарды токтотушубуз керек» деп белгиледи.

Эл өкүлү айрым кесиптештери жана комдук ишмерлер «Азаттык», «Клооп», Kaktus Media жана башка эркин басылмаларды каралап, бут тосуп жатканын белгиледи.

Ал Конституцияга ылайык, сөз эркиндигине толук кепилдик бар экенин айтып, аны чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп кошумчалады.

«Ар ким өзүнүн ишин кылыш керек. Кайсы бир медиа кайсыл жакка кеңсесин ачат? Канча адамды ишке алат? Эмне ушунун барын ушул жерде отурган депутатар чечеби? Ошого чейин кийлигишебизби? Ошончолук төмөн деңгээлге түшпөшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн жумушу бар», — деди ал.

Акаев мамлекеттек кызматта иштегендер, мурдагы президенттер көз карандысыз маалымат каражаттарын мурда дагы каралоого аракет кылышканын айтып, «андан эч кандай майнап чыккан эмес» деди.

«Бийлик убактылуу. Ушул жерде [парламентте] эркин медиаларды, блогерлерди каралагандын бардыгы бийликтен кеткенден кийин ошол медиалардын босогосунда сагаалап тургандарын көргөм», — деп белгиледи ал.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда көз карандысыз басылманын журналисттери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонун белгиледи.

«Эркин медиаларда ак ниет, чынчыл кыргыздын уул-кыздары иштейт. Аймактардагы актуалдуу окуялардын барын ошол медиалар чагылдырып келе жатат. “Эркин медиаларды жабалыбы же ошону көтөргөн депутаттар мандатын тапшырсын?” деп элге суроо коёлу. Эл кимди тандайт экенин көрөбүз», — деди Акаев.

Көз карандысыз басылмаларга каршы митингдер

Бүгүн, 13-октябрда 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар «Азаттык» үналгысынын Бишкек шаарындагы имаратынын алдына чогулушту.

Нааразы болгон топ « “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” кетсин», « “Азаттык” — эл душманы», «НПОчуларга жол жок» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушту. Ошондой эле алар депутаттардан «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылышты.

Кечээ, 12-августта депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан. Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Нарматова да буга чейин парламентте «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунуштаган.

Буга чейин 15-сентябрда Оштун борбордук аянтында 30га чукул киши «Азаттыктын» кеңсе ачышына каршы митинг өткөрүшкөн. Ал эми айрым депутаттар бул маселени парламентте көтөрүп чыгып, басылманын кеңсе ачышына каршы болушкан.

Ал эми жыл башында өлкөнүн көз карандасыз медиалары: «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.Media’га каршы митинг өткөн. Ал эми 12-сентябрда «Клооптун» кеңсеси аңдууга кабылган.