«Тил кесмек жок». Бишкекте көз карандысыз ЖМКларды колдогон акция өттү

Сүрөт: Гүлжан Турдубаева/Azattyk

14-октябрда Бишкек шаарында сөз эркиндигин жана көз карандысыз ЖМКларды коргогон акция өттү. Ага активисттер, журналисттер жана кайдыгер эмес адамдар катышты.

Жүрүшкө чыккандар темир жол вокзалынан борбордук аянтты көздөй басышты. Алар жол катары «Сөзгө эркиндик керек», «Эркин Кыргызстан» деген сүрөөндөрдү айтып, «Надира Нарматова мандатыңды тапшыр», «Тил кесмек жок» деген плакаттарды кармап турушту.

Жүрүшкө чыккан активист Рита Карасартова «азыркы заманда кимдир-бирөөнүн оозун жабуу мүмкүн эмес» деп эскертти.

«Азыркы бийлик тарыхтан сабак албаптыр. Бирок заман, мүмкүнчүлүктөр алдыга жылып жатат. Бүгүнкү күндө деги эле бирөөнүн оозун жабуу мүмкүн эмес. Бир жерден жапса, башка жерде ону пайда болот. Биз Кыргызстанда 6 миллион блогербиз. Баарыбыз телефонубузду алып жаза беребиз», — деди ал.

Ал эми иликтөөчү журналист Али Токтакунов учурда күчтүү журналисттерди жана медиаларды жок кылуу аракети болуп жатканын айтып, коомчулукту ага жол бербөөгө чакырды.

«Биз мындайга такыр жол бербешибиз керек. Бирөөнүн чекесине черттирбешибиз керек. Эгер андай болсо баарыбызды бир-бирден кармап, жаап жоготот. Бугүнкү күндө эркин медиа маалымат каражаттары карапайым элдин таянычы болуп калды. Эркин медиадан башка эч жерден элдин үнү чыкпай калды. Бийлик алардын үнүн укпай калды. Ошон үчүн эркин медианы бапестеп, барктап алышыбыз керек», — деди Токтакунов.

Активист Атай Бейшенбек болсо «буга чейин үч медиа жабылсын деп чыккандардын мыйзамга каршы келген чакырыктарына бийлик чара көрбөгөнү суроо жаратат» деп белгиледи.

«Ар бир мыйзамсыз чакырыкка, ар бир мыйзамсыз кадамга жооп бере турган учур келет», — деп эскертти ал.

Чогулгандар бир ооздон сөз эркиндигине басымды токтотууну, эркин медиаларды колдоону талап кылышты.

Эркин медиаларга каршы митинг

13-октябрда 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабууну талап кылып, «Азаттыктын» Бишкектеги имаратынын алдына чогулушкан.

Нааразы болгон топ « “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” кетсин», « “Азаттык” — эл душманы», «НПОчуларга жол жок» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушкан. Ошондой эле алар депутаттардан «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылышкан.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскерткен.

«Сатылма, булар жакшылык кылбайт. [...] Kaktus Media — Орусиянын жетим жүгүрүгү, “Клооп” менен “Азаттык” — Американын жетим жүгүрүгү. Булар Кыргызстанда таптакыр чагылдырбасын. Бейөкмөт уюмдар өз уставынан чыгып, биздин саясатка кийлигишип кетип жатат», — деген ал.

Ал эми 12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан. Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Нарматова өзү буга чейин парламентте «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунуштаган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү