Канатбек Исаев: Сөз эркиндигин сактап калуу мамлекеттин, элдин келечеги үчүн өтө маанилүү

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канатбек Исаев «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларына каршы митингди «чектен ашкан кадам» деп баалады. Ал сөз эркиндигин сактап калуу мамлекеттин, элдин келечеги үчүн өтө маанилүү экенин фейсбук барагына жазды.

Исаев «коррупционерлердин бет кабын сыйрып, кылмышын иликтеп жаткан эркин маалымат каражаттары коом үчүн абдан керектүү» экенин белгиледи.

«Бүгүн ага удаа эле мекен үчүн күйгөн патриот жигиттерибиздин бири Атай Бейшенбек уулуна карата каралоо аракеттери, ыплас мамиле бийликтеги адам тарабынан жасалып жатканы абдан өкүнүчтүү. Камап, жаап салууга болгон аракет бул 30 жылдан бери келе жаткан жийиркеничтүү адат! Мындан качан арыласыңар урматтуу билермандар!?» — деп суроо салды ал.

Көз карандысыз басылмаларга каршы митинг

13-октябрда 30дай киши «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы митинг өткөргөн.

Аталган топ басылмаларды «бир гана негативди чагылдырат», «элди бузат», «ЛГБТ коомчулугунун жарчысы» деп айыптап, жабылышын талап кылган.

Ошондой эле алар «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынсын деп белгилешкен. Орусияда мындай мыйзам көптөгөн маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келген.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов митингдин аягында эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп коркуткан.

«Азаттык» радиосунун Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева «Клоопко» митингде айтылган коркутуулар боюнча милицияга арыз жазып кайрыларын билдирген.

Аталган үч медиага каршы нааразычылык акциясы 2022-жылдын 9-февралында дагы өткөн.

Ал акцияны экс-депутат Турсунбай Бакир уулу жетектеп, митингчилер басылмалардын жабылуусун талап кылып алгач Kaktus Media’нын имаратынын алдында турган. Андан соң «Клооптун» кеңсесинин алдына жылышкан.

Митинг көпкө созулган эмес, анда да нааразычылыкка чыккандар «чет өлкөлүк тыңчы» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну, үч медианы жабууну талап кылышкан.

Тема боюнча:

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү

Жанар Акаев: Эркин басылмаларды каралагандарды токтотушубуз керек