«Азаттыктын» алдындагы митинг. Басылмадан милицияга арыз даярдалып жатканын айтышты

«Азаттыктын» кеңсесинин алдында көз карандысыз медиаларды жабуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларына карата редакция милицияга арыз жазат. Бул тууралуу «Азаттыктын» Бишкек бюросунун директору Айзада Касмалиева билдирди.

Касмалиеванын айтымында, митингде айтылган коркутуу фактысы боюнча уюштуруучуларды жоопко тартуу үчүн редакция тарабынан милицияга арыз даярдалууда.

«Митингчилер баш аламандыкка чакырышты. 102ге чалсак, милиция кызматкерлери келип, абалды көзөмөлдөштү. Азыр редакция кадимки тартипте иштеп жатат», – деди Айзада Касмалиева.

Буга чейин 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабууну талап кылып, «Азаттык» үналгысынын Бишкек шаарындагы имаратынын алдына чогулушкан.

Ошондой эле акциянын катышуучусу Илимбек Исраилов депутаттар «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышпаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскерткен.

Аны менен катар уюштуруучулар «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүп, кол чогулта турганын кошумчалашкан.

«Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы

Буга чейин, 12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан.

Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Нарматова — парламенттеги бийликчил «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты. Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында ал парламент жыйынында кесиптештерин 2014-жылы өзү демилгелеген «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга чакырган.

Депутат Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар «бийликке тынчтык бербей жатат» деп эсептейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өттү