Кыргыз элчиси эвакуацияланган айрым жарандар кайра Украинага барып алганын айтты

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов согуш башталганда эвакуацияланган айрым жарандар Украинага кайра барып алганын билдирди. Анын айтымында, учурда ал өлкөдө 140ка чукул кыргызстандык бар.

Кадыркулов Украинага барып алган жарандар кайрадан Кыргызстанга чыгарып кетүүнү өтүнүп, элчиликке кайрылып жатканын белгиледи.

«Эвакуацияга албетте аз эмес мээнет жана материалдык чыгым коротулган. Эвакувация болгон жарандарыбыздан эки өлкө ортосундагы аскердик кагылышуу токтоп, жашоо өз нугуна түшкөнгө чейин кайтпай туруусун өтүнгөнбүз», — деди ал.

Элчи кыргызстандыктарды өмүрүн тобокелге салуудан оолак болууга чакырып, абал толук турукташканга чейин Украинага барбай турууну эскертти.

«Өзүмбилемдик, коопсуздук кеңештерин кулак сыртында калтыруунун натыйжасы каргашалуу тагдырга алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ар бир адам өз өмүрүнө өзү гана жоопкер экенин эсиңиздерге салабыз», — деди ал.

Согуштук кырдаал башталганда Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар экени белгилүү болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүк 300 адам менен такай байланышып жатканын, 680 адам консулдук каттоодо экенин айткан.

Украинадагы согуштан улам 412 кыргызстандык үчүнчү өлкөлөр аркылуу коопсуз аймакка чыгарылып, 91 адам Венгрия аркылуу Кыргызстанга кайтып келгенин кабарланган. Ал эми 30га чукул кыргызстандык өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткен.

Мындан сырткары, Украинадан Польшага эвакуацияланган 72 кыргызстандык 11-мартта чартердик каттам менен Бишкекке учуп келген.

Орусиянын Украинага бастырып кириши

Орусия боордош Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери жарым жылдан ашык убакыт өттү. Орусия Херсон, Луганск облустарын, Запорожск жана Харьков облустарыны бир бөлүгүн басып алган.

Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлүп жана жарадар болгондорун кошуп 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорун кошуп 58 миңден ашкан.

Орусия болсо алда канча аз санды айтууда. 21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Бирок, «Медиазона» басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери 25-сентябрда каза болгондордун саны эң аз дегенде 6 756 киши экенин аныкташкан.