Кыргызстандык балбандар Москвада өткөн эл аралык турнирде алтын медалга ээ болушту

Орусиянын Москва шаарында өткөн Poddubny Wrestlin League турниринде кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев алтын байгени багындырышты.

Маалыматка ылайык, Жоламан Шаршенбеков рек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта күч сынашты. Ал финалдык беттеште Орусия курамасынын лидерлеринин бири Анвар Аллаяровду 9:6 эсебинде утту.

Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта беттеш өткөрдү. Ал финалда орусиялык балбан Иналбек Шериев менен кез келип, 8:6 эсебинде жеңдишке жетти.

Чемпионат рейтингдик жана дүйнөлүк баскычтарга бөлүнүп, олимпиадалык стилде — эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш өттү.

WRESTRUS.RU басылмасынын маалыматына ылайык, Орусиянын Күрөш федерациясы уюштурган мелдеш 13-14-октябрда Москва шаарында өттү. Ага ондон мамлекеттен миңге жакын спортчу катышты.

Турнирдин байге фонду 60 миллион рублдан ашык болсо, ар бир салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөргө 2 миллион рублдан сыйлык берилди.

Тема боюнча:

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков UWW’нын рейтингинин сап башына чыкты

Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында күмүш байгени жеңди