Караколдо 13 млн сомго беш коомдук ажааткана курулат

Караколдо беш коомдук ажааткана курууга 12 млн 939 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендерди Муниципалдык менчикти башкаруу департаментти өткөрүп жатат. Ал 14-октябрда жарыяланган, ал эми жалданмачылардын арызы 19-октябрга чейин кабыл алынат.

Жалпысынан беш лот коюлуп, ар бири 2 млн 587,816 миң сомдон деп эсептелген. Ажаатканаларды төмөнкү жерлерге куруу пландалууда:

• Парковая көчөсү 10;

• Тагай Бий паркы;

• Тыныстанов жана Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилиши;

• Ак кайың паркы;

• Пушкин атындагы парк.

Келишим түзүлгөндөн кийин жалданмачы ишти эки айдын аралыгында бүтүрүшү керек.

2 млн сомдук туалеттер Кыргызстанда жаңылык деле болбой калды.

Август айында соцтүйүндөрдө Баткен мэриясы шаардагы «Жаштык» паркында 3 млн сомдук ажааткана куруп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Буга кыргызстандыктар терс реакциясын билдиришкен.

Кийин мэриядан ажааткана эмес, эки кабаттуу санитардык-тиричилик комплекси курулуп жатканын айтышкан.

Ал эми 2021-жылдын декабрында Сокулук районундагы Төмөнкү чүй айылында №1 мектепке караштуу 2 млн сомго курулган ажааткананын ачылышы болгон.

Караколдо буга чейин дагы мектептин аянтында көчө ажаатканасы салынган. Анда ажааткана прокуратураны кызыктырган болчу.

Өлкөдө коомдук ажаатканалар талкууга айланган учурлар көп кездешет, себеп дегенде алардын көбүнүн абалы өтө начар.