Ошто ВИЧке карата экспресс тесттерди акысыз таркатуучу аппарат орнотулат

Ошто 2022-жылдан бери ВИЧти аныктаган бекер экспресс тесттерди таркатуучу тестомат орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, тестомат пилоттук тартипте шаардагы социалдык дарыканалардын бирине коюлат.

«Эгер бул долбоор жакшы натыйжа берсе, бул сыяктуу тестоматтарды коюу улантылат», — деп кошумчалашты мэриядан.

Мындан тышкары, Ошто мигранттар үчүн ВИЧ инфекциясын алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияны күчөтүү пландалып жатканын белгилешти басма сөз кызматтан.

Мэриядан 2022-жылдын 1-октябрына карата ВИЧ инфекциясынын 1276 кумулятивдик учуру (шаарда ВИЧ инфекциясынын биринчи учурлары байкалгандан бери) катталганын, анын 874ү эркектер жана 402си аялдар экенин кабарлады.

«Ошондой эле, ВИЧти жугузуп алгандан кийинки профилактиканы кеңири жайылтуу, ошондой эле жаңы келген мигранттарды жана Орусиянын жарандарын кайрадан милдеттүү түрдө тестирлөөдөн өткөрүү, жарандардын аярлуу катмарынын арасында ВИЧтин алдын алууну жөнгө салуу актуалдуу маселе болуп турат», — деп белгилешти мэриядан.

Кыргызстанда иммун жетишсиздиги вирусун (ВИЧ) жуктуруп алуудан коргонуучу бир топ ыкмалар жеткиликтүү экенине карабастан, жуктуруп алган адамдар жыл сайын көбөйүүдө.

Республикалык «СПИД» борборунун 2022-жылдын 1-августтуна карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧтин 11 750 кумулятивдик учуру катталган. Жалысынан ВИЧ менен жашаган 2972 адам каза тапкан.