Баткенди калыбына келтирүү. Атайын эсептен жабыркагандарга 65,5 млн сом кенемте төлөндү

Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн атайын эсептен 62 млн 65 миң сом коротулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, каражат кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда үй жайы жабыркагандарга бир жолку кенемтени төлөө үчүн жумшалды. Төлөмдү 246 тургун алды.

Басма сөз кызматтан белгилешкендей, атайын эсепке жалпы 327 432 141 сом келип түшкөн. Бүгүнкү күнү эсепте — 269 680 334 сом бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.