Өзбекстан менен чек араны макулдашуу акыркы эки аптанын эң эле талкуу жараткан темасы болуп жатат. Бир жума мурда Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Аталган документ жерлерди алмашуу жана Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жерди Өзбекстанга өткөрүүнү шарттайт.

Бирок парламенттик комитеттин төрагасы тийиштүү документтерди толук көрбөгөнүн айтып, макулдашууну жактыруу чечимине кол коюудан баш тарткан. Бул кадамды минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сынга алууга жетишти. Ал күн мурун чек ара боюнча маселени «пенсиядагы саясатчылар жана кемчонтойлор эмес, мыйзамдуу эл шайлаган бийлик чечиши керек» деп билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычы 2021-жылы. Сүрөт: Даниль Усманов / Eurasianet.

Комитеттин чечими

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет.

«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.

«АКИпресс» маалымат агенттиги президенттин парламенттеги жана минкабдагы өкүлү Алмас Абытовго таянып, комитеттин мүчөлөрү эки ирет добуш беришкенин жазган.

Кол коюлбаган чечим

Бир аптадан соң Айдарбеков өзү башкарган комитеттин чечимине төрага катары кол койбогону белгилүү болгон. Айдарбеков өзү муну тийиштүү документтерди көрбөгөнү жана «эл алдында жоопкерчиликти сезгендиктен» кол коё албаганын айтып түшүндүрдү.

«Документтерди окубай туруп чечим кабыл ала албайм. Бул туура эмес. Бул бир беткей чечим болуп калат. Анын үстүнө учурда бул чечим үчүн жоопкерчиликтин баарын Жогорку Кеңештин депутаттарына артып салгылары келип жатат», — деди Айдарбек «Жаңы жүздөр» басылмасына курган маегинде.

Чынгыз Айдарбеков парламентте. Сүрөт: kenesh.kg.

Айдарбеков депутаттар делимитация боюнча өкммөттөр ортосундагы сүйлөшүү процесстерине түздөн-түз катышпаганын, ошондуктан маселенин чоо-жайын билишпегенин белгиледи.

«Биз болгону документтерди беришсе анализ гана кыла алабыз. Бирок эми документтер толук берилбегенден кийин биз кантип баа бере алмак элек? Тагдыр чечүүчү чечим кабыл алынып жатат. Бул абдан чоң жүк, элимдин, өлкөбүздүн алдындагы абдан чоң жоопкерчилик. Ошондуктан мындай чечимди жеке өзүм, документтерди көрбөй туруп кабыл ала албайм», — деди ал.

Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан.

«Регламентке ылайык, чечимге маселе каралган отурумду ким алып барса, ошол киши кол коюшу керек. Бул комитеттин жыйынын төрага өзү алып барган», — деп кошумчалады Лурова.

Айдарбековдун комитеттин чечимине кол коюудан баш тартканына минкаб комментарий берүүгө үлгүрдү.

«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазды минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында.

Маселенин шашылыш каралышы

Айдарбековдун айтымында, парламенттик комитетттин 10-октябрдагы күн тартибинде алгач Өзбекстан менен чек ара боюнча макулдашуунун долбоорун кароо маселеси жок болчу.

«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо маселеси алгач мындайча айтылган: “Кыргыз-өзбек чек арасынын айырым участокторун делимитациялоо боюнча өкмөттүн маалыматын угуу жана талкуулоо. [Макулдашуунун] долбоору тууралуу [тема] [...] президенттин ыйгарым укуктуу өкүнүнүн демилгеси жана комитеттин эл аралык иштер боюнча айрым мүчөлөрүнүн сунушу менен кечке жуук жаралды. Кворум турганда алар бул маселени көтөрө алышмак. Процедура боюнча бузуулар болгон жок. Бирок мен депутаттарга регламент боюнча бизге документтер өз убагында берилиши керектигин, ал документтер толук болууга тийиш экенин эскертип айттым», — деп түшүндүрдү Айдарбеков.

Ошол эле кезде, жыйын өтө турган күнү «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин» долбоору комитетке эртең мененки саат 10:00дө келип түшкөн. Ошол эле учурда долбоор эл өкүлдөрүнө дагы таркатылган.

«Комитет ишин 11:00дө баштады. Регламент боюнча документтер үч күн мурда берилиши керек. Бул тууралуу мен комиттин бардык мүчөлөрүнө кабарлап, документтер бүгүн гана түшкөнүн белгиледим. Анын баары ачык эфирде айтылды. Үчүнчү маселени кароодо президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана колдоочу депутаттардын сунушу боюнча бул документ талкууланды — макулдашууну түзүүгө макулдук. Мен депутаттарга дагы бир жолу маалымат берип, регламент боюнча бардык документтер бериле электигин, биз аны тыкыр карашыбыз керектигин айттым. Бирок депутаттар көпчүлүк добуш менен бул маселени кароону колдошту», — дейт ал.

Анткен менен Айдарбеков кечки саат 21:00гө чейин созулган комитет жыйынынджа ага басым көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.

Айдарбековду кызматынан алуу тууралуу сөздөр

Айдарбеков чечимге кол койбой койгону үчүн аны парламенттик комитеттин төрагалык кызматынан алуу аракети көрүлөрүн четке какпайт.

«Мен келишимге каршы чыктым. Комитеттин чечимине кол койгон жокмун. Ал эми эл аралык иштер комитетинин төрагалы боюнча маселе азыр депутаттардын жана фракциялардын ортосунда сөз болуп жатат. Бейшемби күнү бул маселе бышып калат [...] Мага ишеним көрсөтпөө же өз каалоом менен кетүү тууралуу маселе жаралса, барын кылдаттык менен таразалашым керек болот», — деген Айдарбеков.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов Айдарбековду алмаштыруу маселеси чынында эле талкууланып жатканын бышыктады «Азаттыкка».

«Чыңгыз Айдарбековду кызматтан алуу боюнча маселе карала элек. Бирок фракциялар ушул маселени карап атканы тууралуу маалыматтар келди. Эгерде фракциялар сунушту жалпы жыйынга алып келсе, анда ал көпчүлүк добуш менен чечилет. Чыңгыз Айдарбеков азыр өзүнүн эле ордунда [төрага] болур иштеп атат», — деп билдирди ал.

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы депутатты чакыртып алуу маселесин карашпай турганын билдиришти. Айдарбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитеттин төрагалыгына аталган фракциядан келген.

«Фракция Айдарбеков өз ишин улантуусун колдойт», — деп жазды Фейсбук барагына «Альянстын» лидери Жанар Акаев.

Документке президент өзү деле кол коё алат

Айдарбековдун айтымында, президент Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбооруна парламент комитетинин жактыруусусуз эле кол коё алат. Өлкө башчыга мындай укук берилгени 2021-жылы кабыл алынган Конституцияда жазылган.

«[Президент бул документке кол коёбу-жокпу] маселени [анын администрациясы] карап — баарын таразалап, тиешелүү чечим кабыл алынышы керек. Президент кол койгондон кийин ал Жогорку Кеңештин ратификациясына келип түшөт. Алгач бул документ комитеттерден өтүшү керек, андан соң палатанын кароосуна киргизилет», — деди депутат эгер пармалент аны ратификациялабай турган болсо күчүнө кирбесин кошумчалап.

Өзгөндөгү курултай. Сүрөт: Kloop.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат. Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Курултайга бир катар саясатчылар, анын ичинде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, депутат Дастан Бекешев, «Азаттык» партиясынын мүчөсү Исмаил Исаков жана «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов катышкан. Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Тема боюнча:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?